Кыргызстандык дзюдочулар Кытайда өткөн Азия чемпионатынан кайтып келишти
8
21-апрелге караган түнү Кытайда өткөн Азия чемпионатынан Кыргызстандын курама командасы кайтып келди. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, курамда спортсмендер, коштоочулар, машыктыруучулар, дарыгерлер жана укалоочулар бар.
Спортсмендерди “Ак жол” өткөрүү пунктунан Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев, дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, агенттиктин кызматкерлери жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.
Эскерте кетсек, Азия чемпионаты 16-18-апрель күндөрү өтүп, 19 өлкөдөн 197 спортсмен катышты.
Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 4:3 эсебинде коло медалга ээ болушту.