7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

13

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 1-июндан 1-сентябрга чейин максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Маалым болгондой, чечим жай мезгилинде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана алардын кызмат мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынган.

Ага ылайык, күндүз абанын температурасы 28°C жана андан жогору болгондо саат 10:00дөн 20:00гө чейин жүк ташуучу унаалардын жолдордо жүрүүсүнө тыюу салынат. Чектөө жүргүнчү ташуучу транспортко, гуманитардык жардамга, тез бузулуучу азыктарды жана кооптуу жүктөрдү ташыган унааларга, ошондой эле атайын уруксаты бар ири көлөмдүү жүктөргө жайылтылбайт.

Көзөмөлдү Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин көчмө топтору транспорттук көзөмөл пункттарында жүргүзөт.

14