7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектептерде класстардын кеминде 50 пайызы кыргыз тилинде болушу керек

228

Кыргызстандагы бардык мектептерде класстардын кеминде 50 пайызы кыргыз тилинде окутулушу зарыл. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тилин билбеген жаран өлкөдө өзүн толук деңгээлде ишке ашырууда кыйынчылыкка туш болушу мүмкүн. Ошондуктан мамлекеттик тилди билүү милдеттүү болуп эсептелет, бирок бул башка тилдерди чектөөнү билдирбейт.

Министрлик учурда кыргыз тилин окутууну күчөтүү маселесин талкуулап, ар кандай сунуштарды анализдеп жатканын белгиледи.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда мектептерде окутуу кыргыз, орус, өзбек, англис жана тажик тилдеринде жүргүзүлөт. Ошондой эле кыргыз-орус багытындагы кош тилдүү мектептер да бар.

Билим берүү министрлиги бул багыттагы акыркы чечимдер бардык сунуштардын талдоосунан кийин кабыл алынарын кошумчалады.

229