7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-класска каттоо. Мектептерде 82 миң бош орун бар

15

Кыргызстанда 110 миңден ашуун бала 1-класска катталды. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда айтылат.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 22 миңге жакын бала мектепке кабыл алынган. Анын ичинен 11,4 миң орун кыргыз тилдүү класстарга, ал эми 10,4 миңден ашыгы орус тилдүү класстарга берилген. Борбор калаада дагы 4,5 миңдей бош орун бар.

Өлкө боюнча 2026/2027-окуу жылына жалпысынан 192,3 миң квота каралган. Учурда 82 миң орун бош бойдон калууда.

1-класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Алгачкы этап микроаймак боюнча жүргүзүлсө, азыр каттоону жашаган дарегине карабай бош орун бар мектептерге жүргүзүүгө болот.

1-класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат.

16