7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суусамыр өрөөнүндө кезектеги экологиялык рейд өткөрүлдү

188

Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндө кезектеги экологиялык рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө экологиялык мыйзамдарды бузган бир нече учур катталган. Анын ичинде балык уулоонун эрежелерин бузган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде эки протокол түзүлгөн. Мындан тышкары, жаратылышка олуттуу зыян келтирген синтетикалык тор менен балык кармоо фактысы боюнча дагы бир протокол толтурулуп, күнөөлүүлөргө айып пул салынган.

Рейддин жүрүшүндө инспекторлор жергиликтүү тургундарга жана малчыларга жайыттарды коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда жайыттын кыртышын сактоо максатында чөптөрдү автоунаа, трактор, мотоцикл жана башка транспорт каражаттары менен тебелөөгө катуу чектөө киргизилгени эскертилди.

189