7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадамжайда жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаранга айып салынды

16

Кадамжай районунда жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаран жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын рейддин жүрүшүндө С.К. аттуу жаран тиешелүү уруксаты жок жапайы каманга аңчылык кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, мыйзам бузган жаранга 12 миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 50 миң сом өлчөмүндө доо эсептелди.

17