7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир жумада 25 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

18

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 29-июндан 4-июлга чейин өлкө боюнча 24 миң 985 жол эрежесин бузуу фактысын аныктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, алардын ичинен 2 миң 539 учур транспорт каражатын тиешелүү документтерсиз башкарууга, 362си мас абалында унаа башкарууга, 2 миң 135и ылдамдыкты ашырууга, 193ү айнектерди мыйзамсыз караңгылатууга, 1 миң 238и жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин бузушуна жана 52си автоээнбаштыкка байланыштуу болгон.

Ошондой эле транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузган 4 миң 502 жана башка жол эрежелерин бузган 9 миң 267 факт катталган.

Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 миң 691 автоунаа айып короо жайына токтотулду.

ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана жолдо өз ара сылык мамиле кылууга чакырды.

19