7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Франциянын аскердик эксперттери Кыргызстанда иш сапары менен жүрөт

228

Кыргызстанда 9–12-июль күндөрү Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн эксперттер делегациясы жумушчу сапар менен жүрөт.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, сапардын алкагында француз адистери Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тоо даярдыгынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып, келечекте эки өлкөнүн аскер бөлүктөрү менен биргелешкен тоо даярдыгы боюнча машыгууларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатышат.

Министрликтен белгилешкендей, бул иш-чара Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу аскердик кызматташтыктын алкагында өтүүдө.

Анын негизги максаты – заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен аскер кызматкерлерин тоо шартында даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү.

229