7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Менин шаарым» тиркемесинде «Түнкү каттамдар» кызматы ишке кирди

20

«Санариптик технологиялар борбору» жаңы санариптик кызматты ишке киргизди. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалым болгондой, эми «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде «Түнкү каттамдар» функциясы жеткиликтүү. Ал аркылуу колдонуучулар түнкү убакта каттаган коомдук транспорт тууралуу маалыматты ыкчам алып, өзүнө ылайыктуу маршрутту тандай алышат.

Учурда түнкү каттамдарды №3, №13, №16, №19, №35, №45 жана №55 автобустары аткарат.

Жаңы функция кеч же түн ортосунда үйүнө кайткандарга, түнкү нөөмөттө иштегендерге, жакындарын тосуп же узаткандарга, ошондой эле каттамын алдын ала пландаштырууну каалаган шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу.

Кызматты колдонуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесиндеги «Транспорт» бөлүмүнө кирип, андан соң «Түнкү каттамдар» функциясын тандоо жетиштүү.

21