7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте баланы сүзүп кеткен автобустун айдоочусу кармалды

235

Бишкекте жол кырсыгынан баланын каза болушуна байланыштуу автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-июлда эртең менен саат 09:00дөр чамасында болгон. Айдоочу автобусту Жаш Гвардия бульвары менен түштүк багытты көздөй башкарып бара жатып, Рыскулов көчөсүнө бурулуп жаткан учурда жолдон өтүп бара жаткан 10 жашар баланы сүзүп кеткен.

Жабыркаган бала ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Автобус айып короого киргизилип, тергөөнүн алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалды.

236