7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөгө 1,4 млн сомдук товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракети аныкталды

17

Кыргызстанга 1 миллион 400 миң сомдон ашык бааланган товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин биринен үй тиричилигине керектелүүчү товарларды ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жүктүн арасында тиешелүү коштомо документтери жок жана салыктык эсепке алынбаган эл керектөөчү товарлар табылган. Алдын ала эсеп боюнча алардын жалпы наркы 1,4 миллион сомдон ашат.

Учурда аталган факты боюнча мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктарды өндүрүү жана мыйзамда каралган тиешелүү чараларды көрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

18