7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарыхый имараттарды бузууга 10 жылдык тыюу салуу сунушталды

195

Кыргызстанда тарыхый-маданий имараттарды бузууга жана аларды мамлекеттик коргоодогу объектилердин тизмесинен чыгарууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Маданият министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Министрликтин маалыматына караганда, акыркы жылдары «тарыхый баалуулугун жоготту» же «авариялык абалда» деген жүйө менен тарыхый-маданий мурас катары катталган имараттарды бузуп, алардын ордуна коммерциялык объектилерди куруу учурлары көбөйгөн.

Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунда мындай имараттарды 10 жыл бою бузууга жана кандай гана негиз болбосун аларды Кыргызстандын тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга тыюу салуу сунушталууда.

Долбоорго ылайык, бул мөөнөт ичинде мамлекеттик органдар тарыхый объектилерди толук инвентаризациялап, алардын коргоо зоналарынын чектерин аныкташат. Мындан тышкары, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, калыбына келтирүү жана коргоо боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүү чаралары көрүлөт.

196