7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө чемпионаты учурунда ӨКМдин көчмө штабдары иштейт

208

Ысык-Көлдө өтө турган суу-мотор спорту боюнча UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын жүрүшүндө коопсуздукту камсыздоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчмө штабдары уюштурулду.

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, 31-июлдан 2-августка чейин өтө турган эл аралык мелдеш маалында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсыктарга ыкчам чара көрүү жана жеринде координация иштерин жүргүзүү үчүн бардык зарыл даярдыктар көрүлдү.

Мекеменин маалыматына караганда, иш-чара өтүп жаткан аймактарда атайын техникалар, өрт өчүрүүгө ылайыкталган катерлер жана куткаруучулар нөөмөттө турушат. Ошондой эле коопсуздук талаптарынын сакталышы тыкыр көзөмөлдөнөт.

 

209