7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бишкек аренанын» ачылышына акысыз автобустар каттайт

25

Бүгүн «Бишкек арена» стадионунун расмий ачылышына акысыз автобустар каттайт. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы билдирди.

Автобустар саат 15:00дөн 17:30га чейин каттап, ал эми иш-чара аяктаган соң көрүүчүлөрдү кайра алып кетет. Жалпысынан 10 каттам уюштурулат.

Автобустар төмөнкү чекиттерден чыгат:

  • Өчпөс от — Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Батыш автобекети — Жибек Жолу проспекти менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши;
  • Киркомстром — Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
  • Асанбай кичирайону — А. Токомбаев көчөсү, 3/7;
  • Ак-Кула автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13б/1;
  • Аламүдүн-1 кичирайону — Ауэзов көчөсү, 4;
  • Көк-Жар конушу — Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Т. Фрунзе көчөсү — Гагарин көчөсү, 284;
  • Абдумомунов көчөсү, 220;
  • Сухэ-Батор көчөсү («Глобус» гипермаркети).

 

Уюштуруучулар шаардыктарды автобус чыга турган жерлерге эртерээк келүүгө чакырат.

«Бишкек арена» стадионунун ачылышына 60 миңге жакын көрүүчү келери күтүлүүдө. Салтанаттын алкагында чоң шоу-концерт өтөт. Кирүү акысыз.

26