7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык спортчулар Азия оюндарында 14 медаль жеңип алышты

28

4-октябрда Японияда ХХ Азия оюндары жыйынтыкталды. Мелдеште Кыргызстандын спортчулары 1 алтын, 3 күмүш жана 10 коло медаль жеңип, жалпы 14 медаль менен командалык эсепте 26-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Кыргызстанга жалгыз алтын медалды грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Жоламан Шаршенбеков алып келди.

Ал эми сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов 200 метр брассс боюнча, грек-рим күрөшүнөн Асан Жанышов 87 килограммга чейинки салмакта жана дзюдодон Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта күмүш медаль тагынышты.

19-сентябрдан 4-октябрга чейин Японияда өткөн ХХ Азия оюндарына 43 спорттук түр боюнча 37 мамлекеттен 469 спортчу катышкан. Кыргызстандан мелдешке спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу барган.

29