Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 88 миң 300 жаңы жумуш орду түзүлдү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы өлкөдө 273 миңден ашык жумуш орду ачылган. Ошондой эле негизги капиталга инвестициялар өткөн жылы 18,4%га өскөн.
Ал эми 2026-жылдын 10 айында инвестициялардын көлөмү 422,9 млрд сомго жетип, 62,9%га көбөйгөн.



