7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 2,5 миң окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп жакында ачылат

21

Ош шаарында Барпы Алыкулов атындагы жаңы мектептин курулушу аяктап, жакын арада пайдаланууга берилет.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, төрт кабаттуу мектептин жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзөт. Имарат беш блоктон туруп, эки нөөмөттө 2,5 миңге жакын окуучуну кабыл алууга ылайыкталган.

Окуу жай заманбап класстар, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы менен жабдылган. Ошондой эле окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, эргономикалык парталар орнотулган.

 

22