7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казак окумуштуулары Жусуп Абдрахмановдун эстелигин Алматы же Астанага тургузууну сунуштады

2

17-ноябрда Алматыдагы Аль-Фараби атындагы улуттук университетте Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахмановдун (1927-1933) ишмердүүлүгүнө арналган илимий конференция болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конференцияга Кыргызстандын тарыхчы-окумуштуулары катышышкан.

Конференцияда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө негиз салган Абдрахмановдун ишмердүүлүгү, анын 1932-жылы жүз миңдеген казак качкындарын сактап калуудагы эмгеги тууралуу баяндамалар жасалды.

Казак окумуштуулары анын казак элин сактап калуудагы эмгегин баалоо жана кыргыз-казак бир туугандыгын даңазалоо максатында эстелигин Алматы же Астанага тургузуу демилгесин өлкөнүн жогорку жетекчилигине сунуштап жатышканын билдиришти.

Иш-чарага актёр Азиз Бейшеналиев да катышып: «Тарыхыбызды сактап, кийинки муундарга жеткирүү — биздин милдетибиз. Жусуп Абдрахманов эң оор жылдары кыргыздарды жана казактарды коргоп калган», — деди.

Ошондой эле 1930-жылдардагы репрессиялардын тарыхын изилдөөгө кошкон салымы үчүн тарых илимдеринин доктору, «Ата-Бейит» комплексинин директору Болотбек Абдрахмановго Казакстан Көркөм академиясынын диплому жана алтын медалы тапшырылды.

3