7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги абалды чагылдырууга 20 эл аралык СМИнин өкүлдөрү учуп кетти

5568

Баткендин азыркы абалын дүйнөлүк коомчулука туура чагылдырып, жеринен көрсөтүү максатында эл аралык 26 журналист  бүгүн, кечки 16:00дөгү авиарейс менен Бишкектен Ош шаарына учуп кетти. Андан аары атайын унаа Баткен, Лейлек райондорунун тажиктар тарабынан талкаланган айылдарына жеткирет.

Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек «Азаттыка» маалымат берген.

«Чек арадагы кагылышуунун кесепеттерин Кыргызстанда аккредитациядан өткөн эл аралык 20 маалымат каражатынан 26 журналист чагылдырат. Алардын онго жакыны чет элдик басылмалар. Калгандары жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттары» -деп билдирген Галина Байтерек.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетти. 183дөн ашык киши октон жана таштан жаракат алган. 99у оруканада, калгандары үйүнөн амбулатордук жардам алууда.

Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге чамалады.

Жеринде иликтөө ишин алып барып жаткан комиссиянын алдын ала билдирген маалыматына ылайык 107 имарат өрттөнүп, талкаланган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5569