7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Тажикстанга ташылып жаткан күйүүчү майлар тууралуу жооп берди

2224

Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда күйүүчү-майлоочу материалдарды Тажикстан Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен ташуу боюнча жайылтылып жаткан маалымат чындыка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, видеодо көрсөтүлгөн күйүүчү майларды ташуучу унаалар, күйүп кеткен май куюуучу жайлардын күйүүчү майларды сактоочу жерлериндеги күйүүчү майларды чыгарып жатышат.

«Учурда контрабандалык жүктөрдү алдын алуу боюнча МСК, МАИ, РИББ жана УКМК Мобилдик топторунун башкармалыгынын инспекторлорунун курамында Лейлек районунда (Исфана шаары, Кайрагач жана Сай аймактры) 3 жерге мобилдик посттор орнотулду. Лейлек районунун аймагына кирип жаткан күйүүчү-майлоочу майлар Тажикстан Республикасына экспорттоонун алдын алуу иштери тийиштүү тартипте көзөмөлдөлүнөт. Ар бир күйүүчү май ташуучу унаа көздөгөн жерге чейин, Мамлекеттик салык кызматынын инспекторунун катышуусунда узатылып жүргүзүлөт. Күйүп кеткен күйүүчү-майлоочу материалдарды май куюучу жайлардан кайтарып алуу иштери, Мамлекеттик Салык Кызматынын инспекторлорунун катышуусу менен жүргүзүлөт», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2225