7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта жаандан улам дарядан суу ашып, турак үйлөрдү сел каптады

831

Сузакта жаандан улам дарыядан суу ашып, турак үйлөрдү сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кечээ, 11-май күнү саат 11:00 чамасында катуу жааган жамгырдан улам Чангет-Сай дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, суулар ашып, натыйжада Барпы айыл аймагынын Үлгү айылында болжол менен 14 турак үйдүн короолорун жана кафенин аймагын, Осмонов айылындагы 4 турак үйдүн короолорун, 1 турак үйдүн ичин жана Кызыл-Багыш айылындагы 1 турак үйдүн короосун жана Бишкек-Ош унаа жолунун 577-чакырымын (Үлгү айылы) каптаган.

Жерине куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана техника тартылып, тазалоо иштер жүрүүдө.

Учурда тазалоо иш-чаралары жүргөндүгүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолу жабылып, 575 жана 578-чакырымдарында посттор уюштурулган, унаалар Жалал-Абад шаары аркылуу өтүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

832