7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө өлкөдөгү эң ири «Агро-Куш» канаттуулар фермасы ачылды

1224
Кече, 14- май Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында «Агро-Куш» ири канаттуулар фермасынын расмий ачылуу аземи болуп өттү. Ферма  жылына 2,5 млн жумуртка, 8,5 тонна тоок этин өндүрүүгө ылайыкташкан.
Өлкөдөгү эң ири канаттуулар фабрикасын ишке киргизүү үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 3,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каражат бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө жылына 2,5 миллион жумуртка өндүрө турган инкубатор ишке киргизилген. Инкубациядан кийин өстүрүү процесси жүрөт. Ишканада заманбап европалык жабдуулар колдонулат, жаңы тоют заводу курулган, ошондой эле саатына 3000 канаттууну соё турган касапкана салынган.
Баштапкы этапта ишкананын жалпы кубаттуулугу жылына 8500 тонна тирүүлөй салмакты түзөт деп күтүлүүдө. Экинчи фазаны ишке ашыруу менен бул көрсөткүчтү жылына 20 миң тоннага чейин жеткирүү пландаштырылууда.
Мамлекет башчысы бул ишкана ички керектөөнү экологиялык таза продукция менен камсыздоого шарт түзөрүн белгилеп, аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө канаттуулар фермасында жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагындагы башка өндүрүш ишканаларын ачууга көмөктөшүүнү тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1225