7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта авто кырсыка кабылган айдоочу оор абалда ооруканага түштү

721

28-май күнү Ноокат районунун Өрнөк айылында 2 унаа кагышып,  айдоочулар ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктайт.

Маалыматка караганда, айылдагы жолдо «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаа менен «БМВ» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Айдоочулардын бирөө ооруканага оор абалда жеткирилген.

«Өрнөк айылын 24 жаштагы тургуну Б. уулу О. өзүнүн «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып Борбаш айылынын 37 жаштагы тургуну Г.Н.нын «БМВ» үлгүсүндөгү унаасы менен кагышкан. Натыйжада Б. уулу О. оор жарат алып Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына кайрылган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Экинчи айдоочунун абалы орто оор», — деди Аширбаев.

2021-жылдын башынан май айынын аягына чейин Ош облусунун аймагында 270 жол унаа кырсыгы катталып, 37 адам каза болгон. 475 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага кайрылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

722