7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата куттуктады

683

Президент Садыр Жапаров бүгүн, КРнын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү менен куттуктайм!

Быйыл өлкөбүз көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдайт. Ушул жылдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер республикабыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана элдин бакубат жашоосуна маанилүү салым кошту.

Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарда тажрыйбалуу жетекчилер жана кызматчылар, кесипкөй адамдар эмгектенип, жаш жана келечектүү кадрлар өсүп келе жатканы кубандырат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасынын бардык кызматчыларына мамлекеттин чоң көңүл буруп турганы өтө маанилүү. Аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана социалдык жактан колдоо мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Сиздер көтөргөн демилгелердин, аткарып жаткан иштериңиздердин аркасында мамлекетибиз өнүккөн, гүлдөгөн өлкөгө айланат деген зор ишеним бар.

Сиздерге чың ден соолук, күч-кубат, жооптуу ишиңиздерге, эңсеген ой-максаттарыңыздарды жүзөгө ашырууда ийгилик, ыйык Кыргызстаныбызга тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм!»

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684