7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Музыка таануучу, журналист Балбай Алагушев дүйнө салды

1203

Кыргызстандын эл артисти, публицист, музыка таануучу, радио-теле журналист Балбай Алагушев 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Алагушев “Кыргыз музыкасы» энциклопедиясынын жана башка алтымышка жакын китептин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын автору.

Алдын ала маалыматтар боюнча, анын сөөгү эртең Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

1997-жылдан 2011-жылга чейин “Эркин Европа-Азаттык” радиосунун Бишкектеги бөлүмүндө штаттан тышкары кабарчысы болуп иштеди. Ал “Талант тагдыры”, “Күүлөр баяны”, “Ырдап кой” аттуу музыкалык түрмөктөр аркылуу угармандарга залкар шайырлар жөнүндөгү баяндамаларды, эскерүүлөрдү, ыр-күүлөрдүн тарых-таржымалы тууралуу айтып берип турган.

Балбай Алагушев 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1204