7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде үйүндө желим бөтөлкөдө бангизатын сактап жүргөн кармалды

1396
Баткендин 43 жаштагы тургуну баңги затын мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталып, кармалды. Бул тууралуу  Баткен ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Баткен райондук сотунун «алуу жана тинтүү» токтомунун негизинде Баткен РИИБинин кызматкерлери  Баткен шаарынын тургуну, 43 жаштагы Х.А.нын үйүнө бажысынын кинология кызматынын «Жюль» аттуу кызматтык ити менен биргеликте тинтүүгө кирген. Андан өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү өсүмдүк сыяктуу бангизатына окшогон зат, өзгөчө жыты бар жана ылдыйкы капталында бирден тешикчеси бар 4даана желим бөтөлкөлөр табылып, экспертизага берилген.
Экспертизанын корутундусунда жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат 146,2 грамм өлчөмүндөгү (кургатылган) марихуана, жумшак пластилин сыяктуу 465 грамм өлчөмүндөгү гашиш, ал эми 4 даана желим бөтөлкөлөрдүн ички бөлүгүндө гашиш жана марихуана сыяктуу наркотикалык заттар бар экендиги аныкталган.
Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 268-беренеси (бангизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз даярдоо) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Кармалган Х.А. аттуу жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1397