7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Малдарды экспорттоодо ветеринардык кагаздарды жасалмалагандар аныкталды

692

Жасалма ветеринардык документтерди колдонуу менен бодо малды жана майда мүйүздүү малды өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгуу (экспорттоо) боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылылайык, ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аталган схемага Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Ш.Н.Т.нын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды.

Аталган шектүү сыйлык үчүн мал-жандыктарын сыртка чыгаруу менен алек болгон жеке адамдарга форма-1 үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү 21 күндүк карантинди жана термометрия процедураларын өткөрбөстөн, ошондой эле мал-жандыктардын бруцеллез жана туберкулез боюнча милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү диагностикалык текшерүүнүн талаптарын одоно түрдө бузуу менен берип тургандыгы аныкталган.

Шектүү жана аталган схеманын башка катышуучулары 100 миң сомдон ашык өлчөмдөгү келишим боюнча макулдашып жатышкан учурда кармалышты.

Кармалгандар Жалал-Абад ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

693