7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Арменияга иш сапары менен барат

513

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Армения Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армения Республикасынын Уюмга төрагалык кылуунун жыйынтыгын чыгарышат жана Беларусь Республикасынын төрагалыгы маалындагы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угушат.

Мындан тышкары, ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

514