7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рейтингдик мелдеште Жоламан менен Акжол алтын уттубу?

530

Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Болгариядагы Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.

Спорттук иш-чара 2-5-март күндөрү София шаарында өтүүдө.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты. Ал чет өлкөлүк төрт балбанды жеңип финалга чыкты. Финалда армениялык спортчуну 1:1 (ред.: акыркы упайды алган балбан жеңет) эсебинде утуп, алтын медаль багындырды.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Ал үч балбанды караандатпай утуп, финалда польшалык балбандын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.

Белгилей кетсек, мелдешке Кыргызстандын атынан төрт балбан аттанган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

531