7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент инвестордон бир миллион сом алган депутаттын атын атады

616

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы эс алуу багынын ачылышында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Ысык-Көлдөгү жергиликтүү бийликтин ишине капа болгонун айтты.

“Мен маанайыңарды түшүрө турган сөздөрдү айтайын деп турам, протоколдон чыгып, кичине ээн баштык кылайын деп жатам. Парк турган жер былтыр эле таштандыларга айланган зона эле. Ушул жерди жасап коелу деп бир аз акча бөлүп паркты баштаганбыз. 6 айдын ичинде бүттүк.

Былтыр паркты жасаар алдында Чолпон-Атанын депутаттарын, акимди, мэрди чогултуп алып, жардам бергиле спорт площадкаларды салып берели, балдарга спортзалдарды салалы, 5 жылдыздуу мейманкана курам деген ички инвесторго бут тоспогула деп сурандым эле. Тилекке каршы, укпаптыр. Депутаттын аты Урмат экен, бирок өзү “урматсыз” экен. Инвестордон “Сага каршы чыгам, салдырбайм” деп 1 млн сом алыптыр. Жаштардын атынан деп дагы 10 миң доллар алышыптыр. Мейманкана эми курулганы жатат. Тилекке каршы, жасап жаткан адамды өзүбүз көрө албай бут тособуз”-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

617