7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Айкөл Манас» алтын коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылды

281

Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 2-декабрдан тарта “Айкөл Манас” алтын коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарды.

Маалыматта, монеталар элдик оозеки чыгармачылыкты жайылтуу, кыргыз элинин маданий мурасын сактоо жана жайылтуу максатында жүгүртүүгө киргизилүүдө.

«Айкөл Манас» монетасынын алдыңкы бетинде ак мөңгүлүү Ала-Тоонун алкагында соот кийип, Аккула атын чаап бараткан Манас баатырдын образы чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө: «Айкөл Манас / Aikol Manas» жазуусу, ал эми оң жагында металлдын сапаты (Au 999) жана монетанын салмагы (15,55 г) түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында анын номиналы (200) жана сомдун графикалык белгиси (С) көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинде кыргыз жоокерлерин символдоштурган улуттук орнаменттердин алкагында Кыргызстандын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл — «2024» жазуусу түшүрүлгөн.

«Айкөл Манас» монетасы Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 123 400 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «Манас» эпосу кыргыз элинин руханий мурасынын эң маанилүү символдорунун бири – элдик оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк казынасында өзгөчө орунду ээлеген . Эпосто туулуп-өскөн жеринин эгемендүүлүгү, элинин эркиндиги, саясий биримдик үчүн бүткүл кыргыз урууларынын башын бириктирип, чексиз эрдик көрсөткөн улуу жоокер Манастын өмүр жолу жана жортуулдары баяндалат.

282