«Ак Пашаадан өтүндүк, буюрса, балдарыбызды окутмай болдук» – деп, Садыр аке журт жакшылары менен кеңеш куруп, ар уруудан окууга балдарды жөнөтүү бүтүмүнө келишти.
– ТЕБЕТЕЙ СИЛКИП, ТИРЕШЕ бергенден ынсап чыкпасын билген…
– КӨШӨРӨ БЕРСЕК КӨБҮКТӨН ДАГЫ КАН ЧЫГЫП кетерин туйган…
– ОТТУН ЧОГУНДАЙ ЧОГУУ болуп, чоо – жайды кеңешип чечкен…
– БАШЫНДА ТҮГҮ, ЖҮЗҮНДӨ СҮРҮ, бар, демдүү, зээнгер, тирикараак балдарды ылгап, жолго чыккан Садыр акеге уулу Бараканды баш кылып беш баланы ээрчитип, Чыныбай бий да жолдон кошулуп, балдарды бирге жайгаштырып кайтышат. Жолдо катар Чыныбай бийдин: «Ие Садыр, топтун арасында өз балдарыңдан көрүнбөйт го…», – деген соболуна, «Ээ Чыныбай ава, мен элдин эртеңки дат батпас алтындарын тердим. ӨЗ БАЛДАРЫМ болсо ҮЧӨӨ БИРИГИП БИР сенин БАРАКАНЫҢА (кийин тың чыккан экен) окуу жагынан татыбайт. Өз дегениң – эл, элдин керегине жараган уулдун баары ЭЛДИКИ!!! МАЛ БАГАРЛАР менен ЖАН БАГАРЛАРДЫ айылга калтырып, ЭЛ БАГАРЛАРДЫ ээрчитип келдим!» – деген экен Садыр аке.
Илгерки эл ээлеринин адеби, адилети, абийири, ар- намысы, калыстыгы жүрөктөн өтүп, жүлүнгө жетет го…
Кайран гана, Акыл качырбас АЯРЛАР; Алысты туя билген КӨСӨМДӨР; Ортого түшкөн ЭЛЧИЛЕР; Ооруга арачы болгон ДЕМЧИЛЕР; Кыргыз калкы кылым карыткан касиетин калтырбай ушул учурга жеткирген ЫЙЫК НАРКЫ!
Улуу журттун узун сапары УЛАНУУДА …