Аймактык аэропорттор менен жаңы учактарды ишке берүүгө кызуу даярдыктар жүрүүдө.
9-августта «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов, КР Жарандык Авиациясынын директору, «МЭА» ААК Инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов, ТКжДИБ бөлүмүнүн башчысы Элдос Омүрзаков, «МЭА» ААК «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын учууларды камсыз кылуу директору Евгений Чигерия жана «Асман Эйрлайнс» учактарды жерден тейлөө кызматынын башчысы Алишер Осмоновдор менен биргеликте «Казарман», «Караван» жана «Жалал-Абад» аймактык аэропортторунун ишке киргизүүгө даярдыгы боюнча текшерүү жүргүзүштү.
«Казарман», «Караван» жана «Жалал-Абад» аэропортторунун коопсуз жана эффективдүү иштөөсү үчүн белгиленген стандарттарга толук жооп бериши үчүн, аэронавигациялык бардык стандарттарды сактоого даярдыгын кылдат талдап чыккан.
Мындай иш чаранын максаты өткөн жылы сатылып алынган жаңы учактарды расмий ишке киргизуугө даярдык.
«Казарман» аэропортунда терминалды жасалгалоо жана учуп-конуу тилкеси толугу менен жаңыртылды, «Кербен» аэропортунда рулеждук жолчолору жана учуп-конуу тилкелери толугу менен жаңыртылды, ал эми «Жалал-Абад» аэропортунда 2024-жылы учуп-конуу тилкеси толугу менен алмаштырылды.
“Бизге туунду «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын учактарынын келиши жакын арада күтүлүүдө жана биз жергиликтүү багыттарга каттамдарды баштоону пландап жатабыз. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы алгылыктуу өзгөрүүлөрдун алдында турат”, — деп жыйынтыктады төрага Манасбек Самидинов.