2024-жылдын 4-августунан 10уна чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу Айболот Айдосов менен маек.
– Олимп оюндары бүткүл кыргыз элин бириктирди десе болот, баарыбыз Париждеги мелдештерди көрүп, ошолорду талкуулап жатабыз. Азыркы Олимпиадада кыргыз спортчулары мурда болуп көрбөгөндөй сандагы медаль алууда, анткени 2008-жылы Бээжинде Кыргызстанга 3 гана медаль тийген, 2021-жылы Токиодо дагы – 3 медаль, ал эми 2012-жылы Лондондо жана 2016-жылы Рио-де-Жанейродо Кыргызстан мир да медаль уткан эмес. Аны менен катар, Борбор Азиялык спортчулар ортосунда Парижде достук мамиле жаралды, алар жана алардын машыктыруучулары бир-бирине жардам берип, өз ара кызматташуу бекемделди.
– Ошондой эле кызматташуу саясий деңгээлде дагы жүрүп жатат, өтүп бараткан аптада Астана шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери жолукту жана аларга азери президенти дагы кошулду. Бээжиндин жардамы менен азыр Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга өтө турган темир жол курула турган болуп жатат, Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга жардам берип, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга көмөк көрсөтүүдө. Аны менен бирге Кыргызстан, албетте, андай эл аралык кызматташуу учурунда өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюш керек.
– Жогорку Кеңеште бошогон депутаттык орунга сентябрда шайлоо өткөрүлөт, аймактык-башкаруу реформасы менен байланыштуу жергиликтүү кеңештерге дагы жаңы шайлоо болот. Жакында Ноокатта болгон шайлоого мен өзүм дагы катышып көрдүм жана менин байкаганым – шайлоочулар арасында добуштарды сатуу маанайы азайып бараткандай. Мурдагы жетекчилер учурунда көнүмүш болуп калган бул адатка эл тойгон сыяктуу жана коомдогу бул маанайды бийлик менен коомдук уюмдар колдоого алып, таза шайлоо үчүн күрөштү күчөтсө, баарыбыз үчүн ал утуш болоор эле.
Жуманын негизги окуялары:
– Мээрим Жуманазарова – күмүш, Мунарбек Сейитбек уулу – алтын же күмүш, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков – коло, Айсулуу Тыныбекова – мүмкүн коло утуп, Айпери Медет кызы менен Айаал Лазарев дагы Олимп оюндарында медаль алып келиши мүмкүн.
– Президент Садыр Жапаров 9-августта «Кабар» агенттигине интервью берип, Олимпиадага даярдык иштеринде кылдан кыйкым издеп кереги жок деп билдирди, бирок психолог менен диетологдор Парижге барса болмок экен деди.
– Улуттук олимпиада комитетинин президенти Кылыч Сарбагышев коомчулукка кайрылып, Олимп оюндарына барган кыргыз спортчуларынын турмушунда башында кемчиликтер болгону менен , алар ылдам эле жоюлганын айтты.
– Маданият министринин орун басары Медер Алиев атайын видео көрсөтүп, Олимпиада тууралуу жалган видео таратып жаткандарды сынга алды. Ошондо эле пикирди микаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы билдирди.
– Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз дагы маалымат берип, Олимпиадага келген ар бир кыргыз спортчусуна анын үй-бүлөсү жана элчиликтин эсебинен бир миңден евро бөлүнгөнүн айтты.
– Олимп оюндары менен байланыштуу Бишкекте бир нече фан-зона ачылды, алар негизинен, кечки саат 9дан баштап, түн оогонго чейин иштейт.
– Журналисттерге берилчү президенттин «Мейкин» сыйлыгы боюнча 5-августта калыстар тобу аныкталды жана арыздар кабыл алына баштады.
– 9-августта президент Садыр Жапаров Астанада Борбор Азия президенттеринин кеңешме-жыйынына катышты, аны менен катар Япония менен Борбор Азия өлкөлөрү ортосундагы алтынчы жолугушуу даярдалган, бирок болбой калды.
– Астанадагы жолугушууда 2040-жылга чейинки Борбор Азиядагы өз ара кызматташуу боюнча концепция кабыл алынды.
– Акылбек Жапаров бүгүн курулушчуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, советтик мезгилдеги көрсөткүчтөн Кыргызстан ашты деп билдирди. Турак жай 1990-жылы эң көп курулган экен – бир жарым миллион чарчы метр.
– Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд куб метрден ашыптыр жана суунун кириши чыгышынан 2 эсе көп деп айтылууда.
– Акылбек Жапаров 8-августта Бишкек жылуулук борборуна барып, анын кышка даярдыгы менен таанышып чыкты. Анын алдында эле, 16-июлда дагы Акылбек Жапаров ТЭЦке барган.
– Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалды.
– Маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиевдин айтымында, быйыл археологиялык казуу иштерине 157 млн сом бөлүнүүдө.
– Аймактык-башкаруу реформасынын алкагында президенттин чечими менен жергиликтүү кеңештер таркатылды жана өтүп бараткан аптада Борборшайлооком билдиргенге караганда, жаңы шайлоо 17-ноябрга дайындалышы мүмкүн
– Аны менен катар, Тазабек Икрамов мандатын тапшырганы менен байланыштуу Сузак шайлоо чөлкөмүндөгү шайлоо 22-сентябрга дайындалды.
– Президент Жапаров 6-августта кол койгон мыйзамга ылайык, жакын туугандары оор кылмыш жасап соттолсо же алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болсо, андай адамдар сот боло албайт. Бул мыйзамды Жогорку кеңеш 27-июнда кабыл алган.
– Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жаңы директору болуп укукчу Бакытбек Касымкулов шайланды.
– 8-август күнү Октябрь райондук соту Камчы Көлбаевдин энеси, 76 жаштагы Майя Алиеваны шарттуу түрдө 7 жылга, ал эми анын никеге турбаган аялы Нурия Тентешованы сыртынан 8 жылга кесип, ага издөө салды.
– Ошол эле 8-август күнү мурдагы президент Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалып, Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
– Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин айтымында, Орусиянын абактарында отурган кыркка жакын кыргыз жараны Кыргызстанга которулду.