Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 25-октябрь күнү, Кыргызстан жаштар Конгрессине катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
Анын айтымында, учурда бардык өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик жаштар саясаты приоритеттүү багыттардын бирине айланууда.
«Жаш муун — өлкөнүн чыныгы байлыгы болуп эсептелет. Мындай алдыга умтулган жаштар менен өлкөдө өнүгүүнүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар деп ойлойм. Жаштар Конгрессинин уюштуруучуларына чакыруу үчүн терең ыраазычылык билдирем», — деп жазган ал.