7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба министрлиги USAID менен биргеликте аары жана жүзүм өндүрүүнү колдоого алат

1068
Кечээ, 16-июлда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү Кит Симмонс жана Экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Джош Темплто менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бул уюмдун колдоосу менен ишке ашкан жана жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор боюнча талкуулашты.
Бүгүнкү күндө ЮСАИД уюму Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу менен дыйкандардын кирешесин жогорулатууга, багбанчылыкты жана мал чарбасын өнүктүрүүгө, ошондой эле айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу менен кайра иштетүү потенциалын өнүктүрүү жаатында бир топ иштерди алып барат.
USAID  менен министрликтин кызматташтыгынын алкагында аары жана жүзүм өстүрүү жаатында заманбап техникалык жардам ишке ашырылууда.
Министр Аскарбек Джаныбеков USAID уюмунун өкүлдөрүнө Кыргызстандын айыл чарбасын жана аймактарын туруктуу өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, министр фермер, дыйкандар үчүн атайын мал жандыктарды багууда жана жайыт жерлерди иштетүүдө окуу борборун түзүү пландарын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечекте ишке аша турчу долбоорлор боюнча келишимдерди макулдашышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1069