7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров «Ак-Жол» постун күтүүсүз текшерип барып, эки кызматкерди иштен алды

423

Министрлер Кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөдөгү бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында жана аймагында тартипти орнотууну тапшырды. Тиешелүү тапшырмаларды ал “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көргөн учурунда берди.

МинКаб Төрагасы өлкө жарандарынын жана конокторунун көзөмөл-өткөрүү пунктары аркылуу өтүү учурунда аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров “Ак-Жол” чек ара постун күтүүсүз текшерип барып, айланасында майда-чүйдө саткан “комокторду” көрүп жини келген.

“Бул комоктордун баарына ким уруксат берип жатат? Экөөнү тең (Жол чарба департаментинин кызматкерлери) иштен алгыла да, башкаларды алып келип, тазалагыла бул жерди. Сөзсүз эле мага, президентке жеткенде баштайсыңарбы? Кайсы бетиңер менен кишилерди тосуп атасыңар ушул жерден?” — деди өкмөт башчы.

Ал көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан жерлерди көрүп жатып, иштебей турган күркөлөрдү жана имараттарды демонтаждоо, айлананын тазалыгын сактоо жана көрктөндүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан тартипти калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.

 

 

 

424