«Крокустагы» терактынын сегизинчи фигуранты сотко алып келинди. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты.
Шектүү өз сөзүндө террорчулардын планы жөнүндө билбегенин, аларга “Авито” аркылуу жөн гана батирин ижарага бергенин айткан.
Касимов Орусиянын жараны, Кыргызстанда туулган. Ал жеке ишкер. Красногорск шаарына жакын Путилково айылында жашайт. Анын үч баласы бар.