7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров «Кыргызтелеком» долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

665

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызтелеком» улуттук байланыш операторунун IT-кластерди жана IT-адистер үчүн ачык мейкиндикти (open space) жана Бишкек шаарынын борборунда IT-коворкингди түзүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы санариптик технологияларды ишке киргизүү жолу аркылуу мамлекеттик жана социалдык милдеттерди чечүүгө өзгөчө басым жасады жана «Кыргызтелеком» астында амбициялык милдеттер коюлгандыгын кошумчалады.

«Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Данияр Косумбаев компанияны өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык багыттарына токтолду, алардын катарына бюджет алдындагы карыздарды реструктуризациялоо менен финансылык абалды оптимизациялоо, көп жылдык карыздарды кайтаруу үчүн дебиторлор менен иш алып баруу, компания кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, кардарлардын агымын кыскартуу жана жаңы абоненттерди тартуу үчүн байланыш тармактарын жана жабдууларды модернизациялоо, ошондой эле өлкө региондорунда кардар базасын кеңейтүү үчүн стратегияны жөнгө салуу кирет. Компания жаңы технологияларды колдонуу менен калкка мамлекеттик жана социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча түрдүү чечимдерди иштеп чыгууда.

Жапаров белгилегендей, «Кыргызтелеком» улуттук байланыш оператору болуп саналат жана аталган функцияны толугу менен ишке ашырууга тийиш.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров «Кыргызтелеком» жана «Кыргызпочтасы» жетекчилигине IT-долбоорлорду ишке ашыра баштоону тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

666