30-июлга карата коронавирус дагы 958 адамдан аныкталып, өлкө боюнча 10 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Ошол элк учурда бир сутка ичинде 1 миң 485 адам илдеттен сакайган. Учурда дагы стационарларда 3 миң 888 бейтап, амбулатордук түрдө 11 миң 483 адам дарыланууда.
- Бишкек шаарында – 574,
 - Ош шаарында – 6,
 - Чүй облусунда – 128,
 - Ош облусунда – 26,
 - Талас облусунда – 13,
 - Нарын облусунда – 24,
 - Ысык-Көл облусунда – 52,
 - Жалал-Абад облусунда – 78,
 - Баткен облусунда – 57 адамдан илдет табылган.
 
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 161 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 142 миң 984 киши айыгып чыкса, 2 миң 311 адам каза болду.



