Алматыда өткөн Poddubny Wrestling League Поддубный лигасынын кезектеги турниринде Акжол Махмудов менен орусиялык спортчу Роман Власовдун беттеши болуп, Махмудов жеңишке жетти.
«Урматтуу менин кыргыз калкым, баарыңыздарга чоң рахмат. Силердин бизге жан тартканыңар күчүбүзгө күч кошуп, демибизге дем берет. Кыргыз спортчулары дагы да чоң жеңиштерге жетет. Биз муну менен беттешке чекит койбойбуз. Биз күйөрмандарга мыкты беттеш көрсөтүшүбүз керек. Бул принцип болду. Мен кийинкиде кооз күрөш көрсөтөм. Дагы бир жолу беттеш уюштуруу керек, бул менен чекит коюлбайт. Роман бул менен токтоп калбарын билем. Ал мен жаракат алганда операцияма жардам берүүгө даяр болчу. Бул спортчуда жүрөк бар, мыкты адам. Менин атаандаш экениме карабай, бардык ыкмаларды үйрөткөн” — деди Акжол.