Акжол Махмудов Poddubny Wrestling League турниринде россиялык Роман Власов менен күрөштү.
Спорттук иш-чара бүгүн, 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорт ордосунда өттү.
Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашты. Эки балбан тең атаандашына белин алдырбай 1:1 эсебинде күрөштү аяктады. Акыркы упайды Акжол Махмудов алганы үчүн жеңиш ага берилди.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын эки жолку чемпиону.
Аталган турнирде Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта россиялык Динислам Бамматовду 7:2 эсебинде жеңип алды.