7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алдамчылыкка шектелип кармалган Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыкканы айтылды

577

Бишкектин Биринчи Май райондук соту алдамчылыкка шек саналып кармалган Бекзат Өмүрбековду 20-мартта үй камагына чыгарганы белгилүү болду. Маалыматты аталган  райондук соттун басма сөз кызматы ырастады.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Бекзат Өмүрбековго март айынын башында Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, сот 1-майга чейин убактылуу кармоочу жайга камакка алган.

Милициянын маалыматы боюнча, ал жана дагы бир адам жергиликтүү тургундардын бирине жетекчилик кызматка ишке орноштурууга убада берип, 50 миң доллар акча алышканы аныкталган.

578