Ат-Башыда турак үйгө муктаж окуучуга жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Ат-Башы райондук прокуратурасы тарабынан Кара-Коюн айыл өкмөтүндө жетим балдардын укуктарын коргоо боюнча текшерүүдө, аталган айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган О.Ж. аттуу тоголок жетим турак жайга муктаж экендиги аныкталган.
Ал эми анын камкорчусу (тай энеси) айыл өкмөттөн жер тилкеси берилсе, жашы жете элек өспүрүмгө турак жай салып камсыздап берерин билдирген.
Тоголок жетим баланын укук жана таламдарын камсыз кылуу максатында Кара-Коюн айылдык кеңешине прокурордук чара — сунуш келтирилген.
Сунушту кароонун жыйынтыгы менен Кара-Коюн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 17-декабрындагы №1 токтому жана анын негизиндеги Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы буйругу менен турак жай куруу үчүн 0,20 га жер тилкеси бөлүнүп берилди.