7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атамбаевдин тун уулу Сейтек Атамбаев Жогорку Кеңешке аттанды

1545

Учурда абакта жаткан мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин тун уулу Сейитбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанды.  Ал Чүй облусундагы Аламүдүн шайлоо округунан талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн.

БШКнын расмий сайтында жарыяланган тизмеге ылайык,  Аламүдүн шайлоо округунан жалпы 12 талапкер документ тапшырган.

  1. Атамбаев Сейитбек Алмазбекович
  2. Аспек уулу Азамат
  3. Чакибаев Эмиль Акжолтоевич
  4. Абдувалиев Зарылбек Рубенович
  5. Иманалиев Каныбек Капашович
  6. Момункулов Эмил Базаркулович
  7. Исиралиева Анара Усонбековна
  8. Момонкулов Талгат Мелисович
  9. Чынтемиров Бердибек Айбекович
  10. Эшенкулов Кулжамал Буланбекович
  11. Дунканаев Айбек Медетбекович
  12. Бегалиев Болотбек Касымбекович

Эске сала кетсек, мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин 3 уулу, 1 кызы бар. Алия Атамбаева сүрөтчү, турмушка чыккан, чет өлкодө жашаары айтылат.

Кичүү уулу Кадыр Атамбаев июль айында өткөн шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине депутаты болуп шайланган. Ортоңку уулу Сейтек Атамбаев ишкерлик менен алектенээри айтылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1546