Автоматтык эсептөөчү урналардын маалыматы боюнча Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 партия өттү.
Алар:
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы — 12 099 добуш же 60,33 пайыз,
«Өнүгүү-Прогресс» партиясы — 2 836 добуш же 14,14 пайыз,
«Ыйман-Нуру» партиясы — 2 415 добуш же 12,04 пайыз.
Жергиликтүү кеңештен мандатка ээ болуу үчүн саясий партиялар 7 пайыздык босогодон өтүшү керек.