7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Аял жакшы-эр жакшы». Ошто «Офицерлердин жубайлары» медаль менен сыйланышты

867

Ош облустук милициясында офицерлердин жубайлары «Офицердин жубайы» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-декабрында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын саптык аянтчасында туу көтөрүү аземи өттү. Аталган аземдин жүрүшүндө КР гимни аткарылып, Ички иштер министрлигинин буйруктары окулуп, Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын начальниги Б.Матисаковго милициянын полковниги кезектеги атайын наамы ыйгарылып, кызматка жаңы дайындалган кызматкерлердин дайындалгандыгы боюнча буйруктар жеткирилди.

Андан соң ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасынын буйругу менен «Офицердин жубайы» медалдары тапшырылды.

Аталган медаль менен КР Ички иштер министрлигинде кызмат өтөп жаткан милициянын подполковниги Канат Шакировдун жубайы Аксаамай Эшбаева жана ардактуу эс алууга чыккан милициянын отставкадагы подполковниктери Мухаматмурза Шатмановдун жубайы Мамажанова Имигүлсүн, Бекмурат Боронбаевдин жубайы Гүлнара Боронбаева, милициянын отставкадагы майорлору Жусупбек Токторовдун жубайы Райкан Жусупова, Асадбек Туратовдун жубайы Уулбүбү Раимкулова, ошондой эле маркум Касенбек Абдылдаевдин жубайы Мыскал Алиева сыйланышты.

Ошондой эле жалпы сыйлык ээлерин Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов куттуктады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

868