Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 18-ноябрда арыз ээси Пакистандык жаранга 53500 сом берген. Шектүү жабырлануучуга Кореяга кетүү үчүн визага жардам берүүнү убада кылган. Андан соң из жашырып, жок болуп кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Шектүү кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.