7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
29°C

Азамат Кудайбердиев Түркияда өткөн мелдеште чемпиондук кур тагынды (фото, видео)

533

Баткендин кулуну, спортчу Азамат Кудайбердиев WAKO PROF KICKBOXING версиясы боюнча Түркиянын Стамбул шаарында профессионалдар арасында өткөн мелдеште жеңишке ээ болуп, чемпиондук кур тагынды. 75 кг салмак категориясында мекендешибиз Түркиянын спортчусу менен кез келген.

«Кыргызстандын желегин желбиретип, дүйнөгө даңазалоо — менин башкы максаттарымдын бири», — дейт спортчу.

Кошумчалай кетсек, Азамат Кудайбердиев июль айынын башында Ташкент шаарында 24 мамлекеттен келген спортчулардын катышуусунда Uzbekistan Open 2022 эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болгон. Кудайбердиев кикбоксинг боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү. Кикбоксинг жана ушу-саньда боюнча спорт чебери. Бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азия Биринчилигинин күмүш медалдын ээси. Учурда Бишкек шаарындагы «Маралбек» клубунда машыгат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

534