Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз дагы деле табыла элек, издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Наристени издөөгө 31-июлда жалпысынан 37 куткаруучу тартылып, кеч кирип кеткендигине байланыштуу саат 21:30да издөө иштери токтотулган. Кызды издөөдөн натыйжа болбогондуктан, бүгүн 1-августта улантылууда»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 18-июль күнү Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.
Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар кыздын атасына байланышса болот: Сабыр — 0705-60-37-04, 0555-99-56-26.